2023-2024-окуу жылына карата “Акылман” президенттик лицейине тандоо сынагы аркылуу 75 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-августунан 22-августуна чейин жүргүзүлгөн тандоо сынагына республика боюнча 1 миң 220 окуучу катышты.
Тандоо экзаменинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган окуучулардын саны:
– Бишкек шаары – 3
– Чүй облусу – 9
– Ысык-Көл облусу – 8
– Нарын облусу – 5
– Талас облусу – 3
– Жалал-Абад облусу – 17
– Ош шаары – 3
– Ош облусу – 18
– Баткен облусу – 9
Лицейге бардык региондордон, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана калктын башка аярлуу категорияларынан таланттуу балдар тандалып алынды. Тизме: https://edu.gov.kg/posts/1987/
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим берүү уюму формасында “Акылман” президенттик лицейи” мекемеси түзүлгөн.