“Акылдуу шаар” долбоорунун негизинде жайгаштырылган камералар өтө начар. Алар унааларды айырмалай албайт”,- деп билдирди депутат Кундуз Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйында.
Ал “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырган фирманы чакырып, эмне үчүн сапатсыз камераларды жайгаштырганын сураш керек экенин айтты. Ал эми депутат Сүйүн Өмүрзаков болсо, “тез жардам унааларын айдагандардын өзү күнөөлүү. Алар 10 күндүн ичинде тийиштүү мекемеге кайрылбай жатышат. Эгер убагында мунаажат кылышса, жазалары төлөтүлбөйт. Биз бул маселени мурда да караганбыз”,- деди.
Сооронбай Жээнбековдун кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүлөт
Шар Фев 28 , 2024