“Бүгүн мамлекетибизде туура эмес курулуп жаткан курулуштар буздурулуп жатат. Ал эмес Ысык-Көлдүн жээгине мыйзамсыз курулган камоктордон бери алынды. Мына, Кожомкул спорт ордосунун унаа токтотуучу жайына үй куруп алган. Акүйдүн жанындагы паркка көп кабаттуу турак үй курган. Буларды ким курганын баарыбыз эле жакшы билебиз”,- деп билдирди депутат Акылбек Түмөнбаев.
Бул курулуштардын ээси Бишкек шаарынын мурдагы мэри экенин айтып, бирок, толук аты – жөнүн атаган жок. “Бул киши Магистрал жолундагы жогорку чыңалуудагы электр станциясынын жанына үй салып жатат. Мындан улам тандалма бузуулар болуп жатабы деп күмөн саноодобуз. Ататүрк боюнча 20-майга мөөнөт беришиптир. Андай болсо, Акүйдүн жанындагы паркка салынган көп кабаттуу турак үй эмнеге бузулбайт? Эркекче айтканда, эч кимдин духу жетпей жатат. Мэр Ататүрктөгү колдон колго өтүп, мигранттарга сатылып кеткен жерлерди бошотом деп аларга күчүн чыгарбай алгач, Акүйдөгү парктын ичине курулуп калган үйдү бузсун”,- деди депутат.