Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев жаңыдан салынган балдар бакчаларынын көйгөйлөрүнө токтолуп, тезинен чечип берүүнү суранып, өкмөткө кайрылды.
“Быйыл көптөгөн жаңы балдар бакчалар жана мектептер курулду. Мына, Тоң районуна дагы 3 балдар бакчасы курулган. Бирок, штаты, айлык маянасы чечилген эмес. Айыл өкмөттөр аны чече алышпайт. Анткени, өздөрү дотацияда отурушат. Өкмөт тезинен муну чечип бербесе, болбойт”,- деп билдирди депутат.