Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин айтты

Автор

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө экономикасы өскөнүн, 2030-жылга чейин ИДП көлөмү 30 млрд. долларга жетүүсү керектигин Өкмөт кызматкерлеринин жалпы жыйынында айтты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
«2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 677 миллиард сомдон ашты, ал эми ИДПнын реалдуу өсүү темпи 8,7%ды түздү. Эгерде Кумтөрдүн салымын эске албасак, анда ИДПнын көлөмү реалдуу түрдө 10,6%га өстү, бул өлкөдөгү экономиканын олуттуу өсүшүн жана 2023-жылга салыштырмалуу өсүү темптин тездегенин белгилейт. Дүйнөлүк туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында мындай өсүш экономика жөн эле ыңгайлашпастан, ал жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулушту көрсөттү»-, дейт Акылбек Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши, ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүсү керектигин кошумчалады.
2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1,2 триллион сомдон ашты. 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Кумтөр кенинде Кызыл китепке кирген ак лотос гүл ачты

Кумтөрдө бийик тоолуу аймактарда өскөн, Кызыл китепке кирген укмуштуудай кооз ак лотос гүлүн ачты. Бул тууралуу “Кумтөр” ишканасынан билдирди. Маалыматка ылайык, сейрек кездешүүчү гүлдүн өсүү аймагы чектелүү болгондуктан, аны жапайы жаратылышта табуу өтө кыйын. Азияда лотос гүлү – жаңылануунун, жакшылыктын ыйык символу катары өзгөчө аздектелип келет. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн […]

Сизге жагышы мүмкүн