Акылбек Жапаров: “Эки жылда толугу менен газга өтөбүз”

Автор

Эки жылда толугу менен газга өтөбүз. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров “Биз жакынкы арада толугу менен газга өтөбүз деген ниетибиз бар. Ышты түп тамырынан жоюу  максаттында “Газпромдун”  башчысы Алексей Миллер менен сүйлөшүп келдик. Алар да газды берүүгө даяр. Бирок 30 жылдан бери Казакстанда бир эле транзиттик газ түтүгү бар экен. Учурда орус-казак өкмөтү сүйлөшүп жатышат. Алар 1 жыл 8 айда жаңы газ түтүгү пайда болот дешүүдө. Ошол трубалар бүткөрүлсө,  толугу менен газга өтөлү деген ниетибиз бар. Мындан тышкары чет жакадагы конуштарды  мажбурлап болсо да газга өткөрөбүз. Болбосо ыш маселеси чесилбейт экен”,- деди

Бөлүшүү:
Next Post

Министр аскерлер жетиштүү экенин ырастады

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу кошумча мобилизация планы жок экенин, армияда аскердик операция жүргүзүү үчүн жетиштүү аскер кызматкерлери бар экенин ырастады. Анын айтымында, РФ Куралдуу Күчтөрүндө аскердик операция жүргүзүү үчүн керектүү сандагы аскер кызматкерлери бар, буга Ата-Мекенди коргоочулар катарына активдүү кошулуп жаткан россиялык жарандардын күчтүү патриоттук позициясы көмөктөшүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн