“Өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтаждалды. Анын эң башкы далили Кумтөр. Ал элге кайталылды”,- деп билдирди Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып.
“5 арбитраждык 6 ар түрдүү Эл аралык соттук отурумдарды бүтүрдүк. “МегаКом” компаниясынын бизге койгон 300 млн долларлык доосу бар эле аны жеңип чыктык. “Бител” компаниясынын мурдагы кожоюндары 75 миллионго, Манас Банк 18 миллионго, Таш-Көмүрдөгү завод 60 млн долларга доо коюшкан эле. Керек болсо, буларды коргогон адамдар бар эле. Ошого карабай баарын бүтүрдүк, азыр кыргыз өкмөтүнүн карамагына өттү”,- деди министрлер кабинетинин төрагасы.