Акылбек Жапаров Россияга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10-июль күндөрү иш сапары менен Россиянын Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Екатеринбург шаарында минкаб башчысы Акылбек Жапаров РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге “Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону” темасында ИННОПРОМ-2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө
Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Премьер-министрдин отставкага арызын президент кабыл алган жок

Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары боюнча отставкага кетүүгө арыз жазган. Президент Эммануэль Макрон анын арызын кабыл алган жок. Президент премьер-министрден убактылуу кызматтан кетпөөнү суранып, “өлкөнүн туруктуулугун камсыз кылуу” үчүн ушундай кадамга барды. Атталь парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктары боюнча отставкага кетүү пландары жөнүндө жарыялаган. Анын жыйынтыгы […]

Сизге жагышы мүмкүн