Акылбек Жапаров Орусияга иш сапары менен барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат.
Расмий сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.
Мындан тышкары расмий сапардын жүрүшүндө, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү шайлоо: Бишкекте партиялардын бюллетендеги номери аныкталды

Борбордук шайлоо комиссиясында Бишкек шаардык кеңешине аттанган жети саясий партиянын шайлоо бюллетендеги катар номерин аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүлдү. Чүчүкулактын жыйынтыгында шайлоо бюллетениндеги саясий партиялардын катар номерлери төмөндөгүдөй болду: 1. “Адилет” 2. “Жаңы күч” 3. “Ынтымак” 4. “Эмгек” 5. “Эл үмүтү” 6. “КСДП” 7. “Улуу журт” Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн