Акылбек Жапаров Кытайга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-27-июнда жумушчу сапары менен Кытай Эл Республикасына барат.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ал иш сапарынын алкагында Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында өтө турган “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар болоору пландалууда, анда буга чейин жетишилген долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, ал ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.
Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды. Себеби

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана […]

Сизге жагышы мүмкүн