“Кышында массалык түрдө электр энергияны өчүрүү болбойт. Кышка даярбыз. Буйруса, кыштан чыгабыз. Бирок, техника болгондон кийин ар түрдүү ыктымал болушу мүмкүн, аны дагы жайгарабыз”,-деп билдирди Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында. Ал кыш келгенге чейин көмүр алып, кышка даярдык көрүү үчүн кайрылуу жасады. “Кышка бир гана кыргыз өкмөтү эмес ар бир даярданышы керек”,- деди ал.