Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кеткени айтылууда. Бул тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарап жатат.
Ал өкмөттү 2021-жылдын 13-октябрынан бери башкарып келген.
Маалыматтар боюнча, МинКаб башчынын убактылуу милдетин Адылбек Касымалиев аткарып турмакчы.
Ал эми президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.
Дүй Дек 16 , 2024
Сириянын Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка шаарлары Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча башка шарттар болгондо Түркиянын аймактарынын борбору болуп калмак. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Iletisim агенттигине билдирди. «Балким, биз Алеппо, Идлиб, Хама, Дамаск жана Ракка деп атаган шаарлар Антеп, Хатай жана Урфа сыяктуу биздин провинциялар болуп […]