Акылбек Жапаров: Консолидацияланган бюджет 2027-2028-жылдары 1 трлн сомго жетет

Автор

Келерки жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 700 млрд сомго жетет деп болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, 700 млрд пландалганына карабастан, бюджетти мындан да көп чогултуу көздөлүүдө.
“Айына 58 млрд сом, күнүнө 2 млрд сомдон ашык киреше табышыбыз керек. 2027-жылга чейин 743 млрд сомго жетет деп күтүлүүдө. Каржы министринин 2027-2028-жылдарга берген убадасы боюнча консолидацияланган бюджетти 1 трлн сомго жеткиребиз”, – деди Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинанын чабуулдарынын чыгымы 60 миллиард рублга бааланды

Россиянын Тергөө комитетинин соттук-эксперттик борбору украин армиясынын чабуулдарынын чыгымын баалоо боюнча 900гө жакын курулуш-техникалык экспертизаларды жүргүздү. 25 миңден ашуун имарат жана инфраструктура объектилерин калыбына келтирүү баасы 60 миллиард рублди түздү. Чыгымды баалоо боюнча маалыматты Донецк шаарында Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен болгон жыйында сунушташты. Брянск, Белгород, Курск, Москва, […]

Сизге жагышы мүмкүн