Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна келди.
Ал Кашгардагы ККПнын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй менен жолукту. Белгилүү болгондой, Кыргызстан «Эркечтам» пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу боюнча жер бөлүп берген. Жолугушуу учурунда «Бедел» өткөрмө пунктун ачуу жана «Барскоон-Үчтурпан-Аксу» жолунун курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.
«Эки өлкөнүн башчылары “Бедел” пунктун ачуу жана 2024-жылга жолду ишке берүү тууралуу милдеттерди коюшкан. «Бедел» эки өлкөнүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошот», — деди Акылбек Жапаров.
Жолугушууда Энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо электрондук соода жана бондалык зоналар жөнүндө талкуу жүрдү.
Акылбек Жапаров Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн жолугушуусуна катышып, 2-мартта өлкөгө кайтып келет.