Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венадагы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда Камбар-Ата ГЭС-1 ди куруу долбоорун сунуштап, Борбор Азия сууга жана ар түрдүү энергетикалык ресурстарга бай аймак деп сыпаттады.
“Адистердин баамында, 2050-жылга карата Борбор Азияда калктын саны 27%, тамак-ашка болгон суроо-талап 35%, ичүүчү сууну керектөө 50% көбөйөт. Региондун потенциалын ачуу үчүн деңизге чыга албагандык, ресурстарга көз карандылык, финансылык өнүгүүнүн төмөн деңгээли жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири сыяктуу башка чакырыктарды жеңүү маанилүү. Ошол эле учурда суу Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө жашоонун негизги артериясы болуп саналат. Чоң дарыялардын башатында жайгашкан өлкөлөрдө аймактын жалпы суу ресурттарынын 80,7% жайгашкан”,- деди ал.
Ошондой эле айрым жерлерде бул система калктын электр энергиясына болгон керектөөсүн жылдын белгилүү бир мезгилинде камсыздай албаса, кээ бир жерлерде ичүүгө жана сугат суусуна жетишсиз калаарын белгилеп, “көп учурда суу ресурстарын пайдаланган мамлекеттердин кызыкчылыктары дал келбейт. Казакстан менен Өзбекстан сууну жайында сугат үчүн, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан кышында энергия үчүн пайдалангысы келет. Бул жагдай региондун энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизүүдө”,- деп сууну жана жашыл энергетиканы бириктирүүчү фактор катары белгиледи.
“Биз бул жерге 16 миллиард доллар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү бар 12 келечектүү таза энергетика долбоору менен келдик. Биздин тарап инвестордун кызыкчылыгын ар тараптуу колдоого жана коргой тургандыгын бекем билдирем. Мындан тышкары, өндүрүлгөн электр энергиясын 100 пайыз пайдалануу камсыз кылынат”, – деди Акылбек Жапаров.
Ал Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору тууралуу кеңири айтып берип, Камбар-Ата ГЭС-1 мөңгүлөрдүн башатында жайгашканын, бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын топтоо жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берээрин, Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтый турганын, Долбоор Кыргыз Республикасын жана Борбордук Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздап, региондогу энергиянын өтүүсүнө аз чыгымды алып келээрин, ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү атмосферага булгоочу заттардын чыгышын азайтаарын айтты.
Акылбек Жапаров билдиргендей, Камбар-Ата ГЭС-1 региондун энергетикага болгон өсүп жаткан суроо-талабын канааттандыруу жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу үчүн негизги мааниге ээ.
“Долбоордун негизги параметрлери анын аймактык маанисин баса белгилейт. Станция Нарын дарыясынын жогорку агымында жайгашкан. Станциянын белгиленген кубаттуулугу жылына орточо 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу менен 1860 мегаватт. Суу сактагычтын пайдалуу көлөмү 2,870 млн м³. Курулуштун алдын ала баасы 4 миллиард доллардан ашат. Камбар-Ата ГЭС-1нин башкы планына таштарды толтуруучу дамба, төрт гидроагрегаты бар ГЭСтин имараты, курулуш жана эксплуатациялоочу агындыларды жана транспорттук тоннелдерди, курулуш-өндүрүштүк имаратты, турак-жай шаарчасын, суу сактагычтарды жана суу тазалоочу курулмаларды куруу үчүн аянтчалар кирет”, – деп, курулуш долбоору аймактагы айлана чөйрөгө жана экологияга терс таасирин тийгизбей турганын кошумчалады. “Тескерисинче, жашыл климаттын күн тартибине жана таза энергияны өндүрүүгө олуттуу артыкчылыктар бар”,- деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы “долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы электр энергиясын ички жана тышкы рынокто өндүрүүгө жана сатууга мүмкүндүк берет” деп баса белгиледи.
Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча даярдык иштерине токтолуп, жалпы баасы 44,1 миллиард сомду түзүп, эки этапка бөлүнгөнүн,
курулуш иштерине 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 миллион доллар бөлөөрүн кошумчалады.
Камбар-Ата ГЭС-1 ге «улуттук» макамы берилгенин маалымдап, эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырык жасады.