Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоорун сунуштайт

Автор

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Австриянын Вена шаарына болгон расмий иш сапары учурунда Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат. Форумдагы талкууда Камбар-Ата ГЭС-1 ди куруу долбоору боюнча айтып берет жана республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.
Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушууларды өткөрөт.
Ал кечээ, 9-июнь күнү Вена шаарына учуп келди.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон Улуттук ассамблеяны таратты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Улуттук ассамблеяны (Франция парламентинин төмөнкү палатасы) таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алды. «Тынчтыкта ​​жана ынтымакта иш алып баруу үчүн Францияга парламенттик көпчүлүк керек. Мен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону 30-июнда өткөрөм, ал эми экинчи тур 7-июлда»,-деди француз лидери элге кайрылуусунда. Бул жагдай Макрон президенттик […]

Сизге жагышы мүмкүн