Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эртең, 1-октябрда иш сапары менен Армениянын Ереван шаарына барат.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

1-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-октябрда Талас айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26, […]

Сизге жагышы мүмкүн