Акылбек Жапаров  иш сапары менен Абу-Дабиге келди

Автор

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары арттыруу маселелери талкууланат.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге келди.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинада аялдар да аскер комиссариаттарына чакырылды

Аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү украиналыктардын бардыгы, анын ичинде аялдар да аскер комиссариаттарына келүүгө чакырылган.  Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүнүн командачылыгынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Владимир Фитьо телемарафон учурунда билдирди. Бул маалыматтарды жаңылоо үчүн зарыл экенин,  чакыруу аял дарыгерлерге да тиешелүү экени белгиленди. Буга чейин Украинанын Коргоо министрлиги […]

Сизге жагышы мүмкүн