Акылбек Жапаров: Быйыл ИДПнын көлөмү 1,5 трлн сомду түзүшү күтүлөт

Автор

2023-жылы ИДП 1,3 триллион сомду түзүп тарыхый чектен ашты, ал эми быйыл 1,5 триллион сомду түзөт деп күтүп жатабыз. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү 9% түзөөрүн, ИДПнын ушундай эле өсүшү 2022-жылы катталганын белгиледи.
Анын айтымында, 2020-жылдагы глобалдык пандемияга карабастан, геосаясий турбуленттик, климаттык кризистер, республика үчүн олуттуу сыноо болгон Баткен облусунда болгон окуяларда экономика оң динамикага ээ болду.
«2021-жылы биз жылды 7% өсүш менен жыйынтыктап, акыркы эки жыл менен үстүбүздөгү жылды кошкондо 9% туруктуу өсүшкө жетиштик. Бул ийгилик өлкөнүн бардык жарандарынын, ири, орто жана чакан бизнестин ишкерлеринин, мамлекеттик ишканалардын, өндүрүшчүлөрдүн, тейлөө жана соода тармагынын өкүлдөрүнүн салымынын аркасында мүмкүн болду», – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Качырып ийбе! Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары беттешет

Бүгүн,14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, оюн БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат. «Ак шумкарлар» кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот. Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 […]

Сизге жагышы мүмкүн