Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБнин ишин текшерди

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты.
Минкаб төрагасы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди. Белгилей кетсек, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү.
Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБи – өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин бири экенин, борбор калаанын олуттуу бөлүгүн электр жана жылуулук менен камсыздап жатканын белгилеп, ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Тиешелүү түзүмдөр менен болгон жолугушууда башка актуалдуу маселелер, анын ичинде Бишкек шаарындагы турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланды.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК жалган жалаа жана кемсинтүүлөр боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

Бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун депутаттарга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Дастан […]

Сизге жагышы мүмкүн