Акылбек Жапаров Афганистандагы кендерди иштетүүгө кызыкдар экенин билдирди

Автор

Акылбек Жапаров Афганистандагы кендерди иштетүүгө кызыкдар экенин билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун ар кандай багыттары талкууланды.
Акылбек Жапаров Кыргызстан Афганистан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Афганистандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин айтты.
Нурулла Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Кыргызстан ийри мүйүздүү жана жандык малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “СИОЖ” системасында Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого инвентаризация жүргүзүүгө байланыштуу Ветеринардык кызмат тарабынан үчүнчү өлкөлөрдүн дарегине ийри мүйүздүү жана жандык малдыжана жылкыны экспорттоого уруксат берүү убактылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн