Бүгүн, 9-февралда Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Анкара шаарындагы “Эсенбога” аба майданында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду тосуп алды.
Акылбек Жапаров 10-12-февраль аралыгында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын XI жыйынына жана Кыргыз-Түрк бизнес форумуна катышат.
Расмий жолугушуунун жүрүшүндө бир катар расмий документтерге кол коюлуп, расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушат.