Бүгүн, 17-декабрда өткөн маалымат жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден кечээ кызматтан кеткен Акылбек Жапаровдун Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык иштерге байланышы бар же, жоктугу суралды.
“Бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок. Кандай болгон күндө да, ал президенттин чечими. Биз аны талкуулабайбыз”, – деп жооп берди Камчыбек Ташиев.