Парламент жөжөнү күздө санай турган мезгилди күтүп жатат. Депутаттар комитет жыйынында Акылбек Жапаровдун 2 жылдагы иш аракетинде жылыш жок деп билдиришти. Балбак Түлөбаев “азыр интернет деген бар, баарын жазып турат. Тартипке келип, иштесе иштесин. Болбосо, бизди да кыйнабай кетсин да. Акылбек Жапаровдун реформаларына кандай баа беришибиз керек? Эч кандай жылыш көрө элекпиз”,- деди.
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин ишине канааттанбай келет. Жыйындарда анын отставкасы талап кылынууда.