Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Акыйкатчы ордуна сунушталган талапкерлерди карайт. Бул боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков билдирди. Бүгүн парламент жыйынын башкарып жаткан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоону суранды.
Белгилүү болгондой, аталган кызмат ордуна Жамила Жаманбаева менен Кулира Кубатова сунушталган. Учурда парламент 15 мүнөт танапис алышты. Алар талапкерлерди карашат.