Акыйкатчы Исламга адамдарды сактаганы үчүн алкыш айтты

Автор

Россиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халилов менен Артем Донскойду Крокус Сити Холлдогу теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлады. Салтанат 25-мартта Красногорск шаарындагы 19-орто мектепте өттү.
Львова-Белова балдарга кайраттуулугу үчүн алкыш айтып, мектеп алар менен сыймыктанарын баса белгиледи.
Крокус Сити Холлдогу теракт учурунда 15 жаштагы Ислам Халилов 100дөн ашуун адамды имараттан алып чыккан. 14 жаштагы Артем Донской эвакуация учурунда адамдарды эки багытта чыгарган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык дзюдочулар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы “Гранд-Слам Анталия” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 29-31-март күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: Кубанычбек Айбек уулу (66 кг); Асад Масабиров (81 кг); Эрлан Шеров (90 кг). Эскерте кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Абдужалил […]

Сизге жагышы мүмкүн