Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын орун басарлыгына Айчүрөк Назаралиева менен Шухрат Айтиев шайланды. Андан соң Назаралиев менен Айтиев ант беришти.
Белгилүү болгондой, Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридика факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Буга чейин мугалим, жактоочу, аны менен бирге парламенттин аппаратында иштеген.
Шухрат Айтиев 1984-жылы туулган. 2008-жылы Ош мамлекеттик университетин психология, ал эми, 2018-жылы Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юриспруденция багыты боюнча аяктаган.
Ал буга чейин журналист, Кара-Көл шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башкы адиси (2010-жылы), коомдук фонддордо долбоордун менеджери, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, парламенттик фракция катчылыгынын эксперти, сектор башчысы кызматтарында иштеген. 2021-2023-жылы Транспорт министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору кызматын ээлеген.