АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк арсеналды толук жоюуга умтулуусу керектигин билдирди. Ал АКШнын Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен бул багытта сүйлөшүүлөргө даяр экенин тастыктады.
“Биз дүйнөнү өзөктүк куралдан биротоло жана түбөлүк арылтуучу күнгө карай алдыга жылышыбыз керек. Кошмо Штаттар алдын ала шарт койбостон, Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен өзөктүк коркунучту азайтуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр”,-деп айтылат АКШ лидери жарыялаган билдирүүдө.