АКШ россиялык өзөктүк куралдын Беларуссияга берилишин кескин айыптайт.
«Мен бул келишимди катуу айыптай турганыбызды айтам, бул биз Россиядан көрүп жаткан жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун дагы бир мисалы»,-деди Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер.
25-майда Беларустун президенти Александр Лукашенко республикага россиялык тактикалык өзөктүк куралдарды берүү башталганын билдирген.
Беларуссия менен Россиянын коргоо министрлери Виктор Хренин менен Сергей Шойгу Минскиде өзөктүк куралдарды Беларуссиянын аймагындагы атайын кампада сактоонун тартибин аныктаган документтерге кол коюшканы белгилүү болду.