“Коомдун күзөтчүсү катары кызмат кылган көз карандысыз медиа каражаттары жарандардын көйгөйлөрүнө натыйжалуу жооп берүү жана коррупция менен күрөшүүдө ар бир өкмөт үчүн маанилүү. Биз адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн Кыргызстан үчүн кыргыз өкмөтү менен кызматташып, бардык программаларыбызды бирге ишке ашырып келебиз”-деп жазган АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбук баракчасына.
Курултайда мамлекет башчы биркатар басылмалардын атын атап, “аларды батыш каржылап жатат”,- деп билдирген. Ал Кыргызстанды сөз эркиндигин урматтаган өлкө катары сыпаттап, ушакты сөз эркиндиги менен алмаштырбоого чакырган эле.
“АКШ элчилиги Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана жергиликтүү уюмдар менен өнөктөшк аркылуу каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө сыймыктанат”,- делет билдирүүсүндө.