2023-жылдын 1-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин АКШнын чек арасынан 57,2 миң мыйзамсыз мигрант өтсө, анын 2,9 миңи Өзбекстандын жарандары.
АКШнын Бажы жана Чек ара кызматынын маалыматтарына ылайык 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын 13,6 миң жараны Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган.
Түркия АКШга мыйзамсыз миграция боюнча лидер болду. Бул өлкөнүн 30,8 миң жараны Америкага барууга аракет кылган. Андан кийин 15,5 миң адам менен Мавритания болсо, тизмеде Өзбекстан үчүнчү орунда турат.
Өзбек жарандары АКШга негизинен Өзбекстан – Түркия – Боливия – Колумбия – Мексика багыты боюнча барууга аракет кылышат.