Америка Кошмо Штаттары Йемендеги хуситтерге каршы жаңы чабуулун баштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги америкалык администрациянын эки өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Буга чейин хуситтерге таандык Al Masirah телеканалы АКШ менен Британиянын аскерий учактары Йемендин борбору Санага жаңы абадан сокку урганын кабарлаган.
Улуу Британиянын бийликтери британ куралдуу күчтөрүнүн жаңы соккуга катышканын азырынча ырастай элек.