АКШ Украинаны курал-жарак менен камсыздоону жума сайын жүргүзүп, Жо Байден кызматтан кеткенге чейин калган 7,1 миллиард доллар жардамды бөлүштүрүп бүтүрүүгө аракет кылат. Бул тууралуу Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдирди.
Ошол эле учурда, Ак сарайдан Украинага аскердик жардамды Байден кызматтан кеткенге чейин жеткирүү Пентагон үчүн оңой болбой турганы эскертилди.
Пентагон Украинаны аскердик жардам менен камсыз кылуу үчүн калган каражаттын суммасын тактады. Апрель айында Конгресс тарабынан бекитилген 4,3 миллиард доллар жана кайра эсептөөлөрдүн натыйжасында жеткиликтүү болгон 2,8 миллиард долларды кошкондо жалпы 7,1 миллиард доллар болду.