АКШ Украинадан келген качкындар үчүн программаны токтотту

Автор

АКШ расмий түрдө Украинадан келген качкындар үчүн программаны токтотту.
Тиешелүү билдирүү АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын сайтында жарыяланды. Эми каржылоо боюнча жаңы арыздар кабыл алынбайт.
Бул чечим 2025-жылдын 20-январында президент Дональд Трамп кол койгон «Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыкка байланыштуу. Документ миграциялык саясатты күчөтүүгө, качкындарды колдоого арналган федералдык чыгымдарды кыскартууга жана чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган.
Бул чечимди укук коргоочулар менен качкындарды колдогон уюмдар сынга алды. Алар АКШнын гуманитардык милдеттенмелерине каршы келерин жана согуштук жаңжалдардан качкан адамдар үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратарын билдиришип, чечимди кайра карап чыгууга чакырышууда.
БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттигинин маалыматы боюнча, Украинадагы согуш башталгандан бери миллиондогон адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан, алардын көпчүлүгү АКШ, Батышка кайрылышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте «Sun Club» жашыруун казиносунун иши токтотулду

Бишкекте жашыруун казиносунун иши токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан “Sun Club” бильярд клубунда тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аталган имаратта кумар оюндарын (покер) ойноочу жайлар табылган. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда бильярд клубунун башка бөлмөлөрүндө кумар оюндары мыйзамсыз ойнотулуп келгени аныкталган. […]

You May Like