АКШ Украинага жаңы аскердик жардам жарыялады

Автор

АКШ бийлиги жакынкы апталарда Украинага жаңы аскердик жардам пакетин бөлүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Ак сарайдын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди. Бул пакетке эмне кирерин тактаган жок.
«Биз кийинки апталарда Украинага жаңы аскердик жардам пакетин бөлүүнү уланта беребиз»,-деди Жон Кирби MSNBC телеканалына берген маегинде.
Politico басылмасы АКШ администрациясы Украинага узак аралыкка атылуучу ракеталарды жеткирүү маселесин карап жатканын кабарлады. Басылманын маалыматы боюнча, бул америкалык төртүнчү муундагы истребителдерден 300 км алыстыкка чейин атууга мүмкүн болгон JASSM ракеталары тууралуу сөз болууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок оңдолууда

Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блоктору капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда. Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн. Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт стандарттык чекке чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн