АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, АКШ Украинага согуштан жабыркаган электр тармактарын оңдоо, портторду, темир жолдорду жана башка инфраструктураларды жаңыртуу үчүн 1,3 миллиард доллардан ашык кошумча жардам көрсөтөт.
«Калыбына келтирүү – бул Украинанын коопсуз, көз карандысыз, Европага толук интеграцияланган жана дүйнө жүзүндөгү рыноктор менен байланышы бар өлкө катары гүлдөшүнө негиз салуу. АКШ Конгрессинин колдоосу менен биз Украинага бул максатка жетүү үчүн 1,3 миллиард доллардан ашык кошумча жардам беребиз”, – деди Блинкен Лондондо Украинаны кайра куруу боюнча конференцияда.