АКШ Тайванга 567 миллион доллар аскердик жардам берди

Автор

АКШ президенти Жо Байден Тайванга курал-жарак жеткирүү жана башка аскердик жардам көрсөтүү үчүн 567 миллион доллар бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу Ак сарайдын сайтында жарыяланган басма сөз релизинде айтылат.
«Америка Кошмо Штаттарынын конституциясы жана мыйзамдары боюнча президент катары мага берилген ыйгарым укук менен мен мамлекеттик катчыга Пентагондун коргонуу өнүмдөрү жана кызматтары, ошондой эле Тайванга аскердик жардам көрсөтүү үчүн аскердик окуу жана даярдыкка 567 миллион долларга чейин бөлүүнү тапшырам»,-деп айтылат документте.
2023-жылы АКШ Тайванга 345 миллион доллар аскердик жардам бөлгөн. Июнда АКШ Тайванга 300 миллион долларга дрондорду сатуу мүмкүнчүлүгүн жактырган. Кытай Тайванды өз аймагы деп эсептеп, АКШнын аны колдоосун бир нече жолу сынга алган. Кытайдын Коргоо министрлиги АКШны Тайван менен «аскердик келишимди» токтотууга чакырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыдырыс Исаков: "Мелис Мырзакматовду мактайм деп ойлогон эмес элем"

…Ушинтти! Белгилүү журналист бүгүн, 30-сентябрда Фейсбук баракчасына Оштун келип кеткен мэрлери боюнча билдирүү жазып, саясатчы Мелис Мырзакматовду мактаган. “Ош шаарындагы мектеп окуучулары тесттен алдыңкы орундарга илешпей атканына шаардык билим берүү башкармалыгын күнөөлөп, аны алмаштырууну министрден ачык талап кылган жападан жалгыз мэр Мелис Мырзакматов болгон. Билим берүүнүн сапатын көтөөрүү үчүн мыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн