АКШ Сенаты Украина менен Израилге жардам берүү долбооруна бөгөт койду

Автор

Украина менен Израилге жардам бөлүү жана АКШнын чек ара коопсуздугун каржылоо боюнча мыйзам долбоору Сенатта добуш берүүдөн өткөн жок.
Маалыматтарга караганда, республикачылар Украинага 60 миллиард доллар, Израилге 14 миллиард доллар жана Индия-Тынч океан аймагындагы өнөктөштөрүнө Кытайга каршы күрөшүү үчүн 5 миллиард доллар жана АКШнын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 20 миллиард доллар бөлүүнү караган эки тараптуу мыйзам долбоорун кароого бөгөт коюшкан.
Сенатты көзөмөлдөгөн демократтардын лидери Чак Шумер Израилге, Украинага жана АКШнын башка өнөктөштөрүнө АКШнын чек араларын коргоо боюнча келишимсиз шашылыш жардам бөлүү боюнча процедуралык добуш берүүнү өткөрүшү күтүлүүдө.
Республикачылар, анын ичинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жана анын тарапкерлери бөгөттөлгөн демилгеге каршы. Алардын пикири боюнча, мыйзам мамлекет башчысына мигранттарды депортациялоодон коргоо боюнча ашыкча ыйгарым укуктарды берет жана алардын агымын азайтуу боюнча сунушталган чаралар жетишсиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Кытайда жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот. “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу […]

Сизге жагышы мүмкүн