АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Жон Файнер Вашингтон стратегиялык туруктуулукту камсыздоо үчүн Москва менен диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу боюнча келишимдин шарттарын аткарбаса, АКШ өзүнүн ядролук күчтөрүнүн согушка даярдыгын күчөтөрүн айтты.
Ошондой эле ал башка өлкөлөр өздөрүнүн ядролук мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүүнү уланта турган болсо, АКШ ядролук күчтөрүн жайгаштыруу боюнча өзүнүн мамилесин кайра карап чыгууга даяр экенин айтты. Анын пикиринде, мындай өзгөртүүлөр «акылга сыярлык гана эмес, зарыл да» болуп калат.