АКШ Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында президент Владимир Путиндин “жасалма шайлоосунун” жыйынтыгын тааныбайт.
Бул тууралуу РБК-Украина АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллердин брифинг учурундагы билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
“АКШ Россия эгемендүү Украинанын аймагына өткөрүп жаткан президенттик шайлоонун жыйнтыгын эч качан тааныбайт. Биз Луганск, Донецк, Запорожье, Херсон жана Крым бул Украина деп билебиз”,-деди Миллер.