АКШнын Каржы министрлиги Украинага 20 миллиард доллар өлчөмүндө кредит берүү тууралуу жарыялады. Анын төлөнүшү тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен жүргүзүлөт.
Июнь айында G7 мамлекеттери 2024-жылдын аягына чейин Украинага тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелердин эсебинен 50 миллиард доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алышкан.
Украинада согуштук аракеттер башталгандан кийин Евробиримдик, Канада, АКШ жана Япония Россиянын 300 миллиард долларга жакын активдерин тоңдуруп коюшкан. Анын ичинде АКШда 5-6 миллиард доллар, ал эми Европада 210 миллиард доллар сакталып турат.