АКШ Россиянын машыгуусуна жооп кайтарды

Автор

Россиянын деңиз флотунун «Океан-2024» машыгууларына байланыштуу АКШ 11-аба-десанттык дивизиянын бөлүмүн жана HIMARS системасын Алеут аралдарына жөнөттү. Бул аракет АКШнын күчүн көрсөтүүгө багытталган.
Генерал-майор Джозеф Хилберт АКШнын армиясы алыстагы аймактарга күтүүсүздөн аскерлерди жана куралдарды жөнөтүүгө жөндөмдүү экенин баса белгиледи.
Россиянын «Океан-2024» машыгуусуна 400дөн ашуун аскердик кемелер, 120дан ашуун учактар, 90 миңден ашык жоокерлер катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Зилалиев 4-ноябрга чейин камакка алынды

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев 4-ноябрга чейин камакта калды.Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабыл алган чечимде айтылат. Маалыматка ылайык, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Белгилей кетсек, Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан 13-сентябрда кармалдыгы айтылган. Аны менен кошо Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбеков да кармалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн