АКШ Россияга каршы куралдарын колдонууга уруксат берди

Автор

Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх АКШ Украинага Россиянын Курск облусунда Америка куралдарын колдонууга уруксат бергенин билдирди. «Биздин ыкмалар Украинага чек ара аймактарынан, анын ичинде Курск жана Сумадан Россиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн контрчабуулдарды жасоого мүмкүнчүлүк берет»,-деди Сингх брифингде.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук украиналык аскерлер 22-августта Америка бомбалары GBU-39 менен Россиянын Курск облусундагы позицияларына сокку урганын билдирди.
GBU-39 – бул салмагы 100 килограммдан ашык так башкарылуучу аба бомбасы, ал 110 км аралыкка учуу жөндөмүнө ээ.

Бөлүшүү:
Next Post

Чолпон-Атада гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында гиря көтөрүү боюнча өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке 13 мамлекеттен келген 350дөн ашык спортчу катышууда. Чемпионаттын биринчи күнүндө +95 кг салмакта Ислам Нарынбеков 1-орунду ээледи. Белгилей кетсек, мелдеш 25-августта жыйынтыкталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн