АКШ менен Улуу Британия украин жаңжалынын узартылышына кызыкдар экенин, ошондуктан алар Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын Владимир Путин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштуруу аракетине каршы экенин Коопсуздук жана тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чагры Эрхан билдирди.
“Алар Зеленский менен Путиндин жолугушуусун, алардын биргелешкен сүрөтүн каалабайт. Украиналыктардын келечегин, тынчтык жөнүндө ойлошпойт. Биргелешкен сүрөт маанилүү эмес, ок атышууну токтотуу, дипломатиялык сүйлөшүүлөр зарыл”,-деди ал.