АКШ президенти Жо Байден Дональд Трампты камоону сунуштады

Автор

АКШ президенти Жо Байден Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампты «саясий жактан камоого» чакырды. Ал Дональд Трамптын бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнүн кесепеттерин ойлонуу зарылдыгын сунуштады.
«Биз аны камашыбыз керек. Саясий жактан камашыбыз керек. Аны жок кылышыбыз керек»,-деди Байден Нью-Гэмпшир штатындагы демократтардын иш-чарасында. Анын сөзүн Fox News телеканалы түз эфирде көрсөткөн.
«Биздин демократиябыз кооптонууда. Эгер Трамп бул шайлоодо жеңсе, эмне болорун ойлоп көргүлө»,-деди учурдагы АКШнын президенти.
Дональд Трампка жалпы 91 айыптоо тагылган, алардын ичинен эң оор беренелер боюнча жаза мөөнөтү 20 жылга чейин жетет. Жалпы айыптоолор боюнча саясатчыга 700 жылдан ашуун абак мөөнөтү коркунуч жаратат. Республикачылар муну демократтардын аны Ак сарайга кайтарбоо аракети деп эсептешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн тоо падышасы Ак Илбирс күнү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Илбирс Кыргыз Республикасынын Улуттук символу деп жарыяланган. Кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын өрнөгү катары көрсөтүлүп келген. Андыктан, илбирс Манас бабабыздын тотемдик жаныбары. Өлкөбүздө болжол менен 280-300 ак илбирс бар экени айтылып келет Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн