АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп катары машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын биргелешкен комитети билдирди.
«Корея Республикасынын коргоо министри Ким Ён Хён менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин союздун чечкиндүүлүгүн көрсөтүү үчүн ар кандай чараларды, анын ичинде АКШнын стратегиялык каражаттары менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү тууралуу макулдашты»,-деп билдирди Штаб башчыларынын комитети.
Түндүк Корея ракета континенттер аралык экенин тастыктап, аны учуруу учурунда лидери Ким Чен Ын көз салганын маалымдады.