АКШ менен Кытайдын коргоо министрлери сүйлөштү

Автор

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 2022-жылдан бери биринчи жолу кытайлык кесиптеши Дун Цзюнь менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Пентагондун маалыматына караганда тараптар эки тараптуу мамилелерди жана аскердик кызматташтыкты талкуулашты. Мындан тышкары, министрлер Тайвань маселесине токтолушту.
Кытайдын аскерий лидери АКШ менен Кытайдын ортосундагы мамилелердеги өз ара түшүнүшүү дүйнөлүк деңгээлде туруктуулук менен коопсуздукка алып келерин эске салды.
2-апрелде АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Эки өлкөнүн лидерлери саясий жана соода-экономикалык мамилелерди талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда TikTok бөгөттөлөбү?

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагы бөгөттөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик мындай иш- чаралар УКМКнын катынын негизинде көрүлгөнүн түшүндүрдү. «Чечимге TikTok тарабынан «Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» мыйзамды аткарбагандыгы негиз болгон. […]

Сизге жагышы мүмкүн