АКШ менен БУУнун баш катчысы Израилди карапайым калкты коргоого чакырды

Автор

Американын президенти Жо Байдендин администрациясы Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жарандарды коргоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин израилдик The Times of Israel гезитиндеги билдирүүсүндө айтылат.
Бир күн мурда Израилдин коргонуу күчтөрү Батыш Шериадагы Женин жана Тулькарм шаарларында «терроризмге каршы» операция башталганын жарыялаган. “The Times of Israel” гезитинин жазганына караганда, Израилдин операциясынын натыйжасында кеминде 11 адам өлүп, 26 киши жарадар болгон.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин аракеттерин айыптап, Иордан дарыясынын батыш жээгинде көз жумгандарга “терең тынчсыздануусун” билдирди.
Гутерриш мырза ошондой эле Израилди эл аралык гуманитардык мыйзамдарды урматтоого жана Батыш Шериада жарандарды коргоо үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 762 бала бакча жетекчисинин ордуна сынак жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 762 бош орун бар. Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 29-августта саат 9:00дө башталып, 11-сентябрда саат 18:00дө аяктайт. Каттоо […]

Сизге жагышы мүмкүн