АКШ менен Британия хуситтерге сокку ура баштады

Автор

Жума күнү кечинде АКШ менен Улуу Британиянын учактары жана согуштук кемелери Йемендеги хусит козголоңчу тобуна сокку ура баштады. Соккулар Ходейда порт шаарындагы бутага жана Йемендин борбору Сананын эл аралык аэропортуна жасалды. Эл аралык басылмалар буталар хусилердин аскерий базалары жана курал кампалары, камикадзе учкучсуз учактары экенин жазышууда.
АКШнын президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Риши Сунак бир убакта билдирүү жасашты. Байден бул аракеттер хуситтердин Кызыл деңиздеги соода кемелерине жасалган чабуулдарына жооп болгонун, АКШ жана анын союздаштары дагы сокку уруудан тартынбай турганын айтты.
Хуситтер акыркы сааттарда согуштук билдирүүлөрдү жасашты. Алардын лидерлеринин бири Абдулкадер аль-Мортада «Америкалыктар менен британиялыктардын аракеттери бизди коркуткан жок жана Газадагы бир туугандарыбызды колдоо милдетибизден баш тартууга мажбурлабайт»,-деп жазды социалдык тармактарга.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Баткендеги келиндин өлүмү боюнча кайрылуу жасады

Кадамжай районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин аянычтуу тагдыры боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. «Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде, сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир […]

Сизге жагышы мүмкүн