АКШ менен Британия Йемендеги сегиз бутага биргелешкен аба соккуларын баштады.
Бул ирет жер астындагы сактоочу жайга, ошондой эле хусилердин “ракета жана чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн” бутага алганы айтылат.
Биз дүйнөдөгү эң маанилүү суу жолдорунун биринде адамдардын өмүрүн жана эркин соодасын коргоодон тартынбайбыз»,-деп айтылат Пентагондун билдирүүсүндө.
Бул АКШнын Йемендеги буталарга сегизинчи соккусу жана Улуу Британия менен экинчи биргелешкен операциясы.
Иран колдогон хуситтер Кызыл деңиз аркылуу өтүүчү негизги соода жолунда Израил менен байланышы бар кемелерди бутага алууда.